Замана

Замана

Далайларды кор кылып,
Зарланткансың, замана,
Кедейлерди байларга
Карматкансың, замана
Ажыдаардай залимге
Арбаткансың замана
Желмогуздай байларга

Жалматкансың замана
Кедейлерге шор болуп
Жармашкансың замана.
Ач бүркүткө түлкүдөй
Алдырткансың замана.
Уу тырмакты кедейге
Малдыргансың, замана.
Ажыратып акылдан
Маң кылгансың, замана.
— Атаганат, дүйнө! — деп,
Таң кылгансың, замана.
Чарчы бөзгө жеткирбей
Зар кылгансың, замана.
Бирөөгө жок, бирөөгө
Бар кылгансың, замана.
Байларга кең, кедейге
Тар болгонсуң, замана.
Кедейге кымбат, байга арзан
Мал болгонсуң, замана.
Кара жарма кедейге
Бал болгонсуң, замана.
Байга буудай, кедейге
Чар болгонсуң, замана.
Кедейге — туюк, байларга
Шар болгонсуң, замана.

Байың сүйлөп, кедейди
Тумчуктурган замана.
Кедейге байды кыйкыртып
Унчуктурган, замана.
Бий, старчын, болушун
Курчуттурган, замана.
Кедейди — түлкү, байларды
Бүркүт кылган замана.
Байды — чынар, кедейди

Чырпык кылган замана.
Байды — жаңы, кедейди
Жыртык кылган замана.

Байды — бөрү, кедейди
Кой кылгансың, замана.
Жок кылмакка кедейди
Ой кылгансың замана.
Бир-бирине байларды
Той кылгансың, замана.

Жалгыз малын кедейдин
Сойдургансың замана.
Кара жерди кедейге
Ойдургансың, замана.
Кедейлердин үйүнөн
Жибин алган замана,
Табалбаган кедейдин
Үйүн алган замана.
Канча малга чуу түшүп,
Күйүп калган замана.
Бөөдө кайгы кедейге
Күйүт кылган замана.
Кедейди — жапыс, байларды
Бийик кылган замана.
Байды мерген, кедейди
Кийик кылган замана.
Талбаган булбул мен элем,
Сайрайын тынбай калкыма
Заманың келди айланып
Жаркылда, кедей, жаркылда!

 

урраа

Кудай буйруса жайт бүтөйүн деди